# 15-берене. Жарандык иштерди чечүүдө сот тарабынан колдонулуучу ченемдик укуктук актылар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 15-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-15

---

1. Сот жарандык иштерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, аларга ылайык кабыл алынуучу башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чечүүгө милдеттүү.

2. Соттун Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууга укугу жок.

3. Талаш маселелерди жөнгө салуучу укук нормалары болбогон учурда, сот аларга окшош мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларын колдонот (мыйзамдардын аналогиясы), ал эми андай нормалар болбогон учурда, ишти жарандык процесстик мыйзамдардын жалпы башталыштарына, маанисине жана принциптерине (укуктун аналогиясы) жана ак ниеттүүлүк, акыл-эстүүлүк жана адилеттүүлүк талаптарына жараша чечет.

4. Сот мыйзамга же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимге ылайык иштерди кароодо жана чечүүдө эл аралык укуктун нормаларын колдонот.

5. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын макулдашуусунда тиешелүү маселелерди чечүү сотко калтырыла тургандыгы каралса, сот бул маселелерди адилеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк критерийлерине жараша чечүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-16)
