# 148-берене. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-148>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-148.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 148-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-148

---

1. Доону камсыз кылуу ишке катышуучу жактардын арызы боюнча ошол эле сот тарабынан жокко чыгарылышы мүмкүн.

2. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселе соттун жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Доодон баш тартылган, иш боюнча өндүрүш токтотулган же доо каралбастан калтырылган учурда, доону камсыз кылуунун көрүлгөн чаралары сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сакталат. Бирок ишке катышуучу жактардын арызы боюнча сот актысы менен бир эле убакта же ал чыгарылгандан кийин доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгара алат.

4. Доо канаттандырылганда аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар соттун чечими аткарылганга чейин өз күчүн сактайт.

5. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жана жокко чыгаруудан баш тартуу маселелери боюнча аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну жокко чыгаруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берүү аныктаманы аткарууну токтотуп турат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-147)  
Кийинки берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-149)
