# 147-берене. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 147-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-147

---

1. Ишке катышуучу жактын арызы боюнча доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштырууга жол берилет.

2. Доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө маселе соттун жыйналышында чечилет. Ишке катышуучу жактар жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылат, бирок алардын келбей коюшу доону камсыз кылуунун түрүн алмаштыруу жөнүндө маселени кароого тоскоолдук кылбайт.

3. Акчалай сумманы өндүрүү жөнүндө доону камсыз кылууда жоопкер доону камсыз кылуунун сот тарабынан көрүлгөн чарасынын ордуна соттун депозиттик эсебине доогер өндүрүп берүүнү талап кылган сумманы жана соттук чыгымдардын суммасын салууга укуктуу.

4. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Доону камсыз кылууну алмаштыруу жөнүндө аныктамага жекече даттануу (сунуштама) берүү аныктаманы аткарууну токтотуп турат.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-148)
