# 145-берене. Доону камсыз кылуу жөнүндө арызды кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 145-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-145

---

1. Доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызды сот (судья) ал сотко келип түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, жоопкерге жана ишке катышуучу башка жактарга кабарлабастан карайт. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча сот (судья) аныктама чыгарат.

2. Аныктаманын көчүрмөсү бул аныктама чыгарылгандан кийин токтоосуз түрдө ишке катышуучу жактарга жөнөтүлөт.

3. Доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасына жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн. Эгерде доону камсыз кылуу жөнүндө аныктама даттанууну (сунуштаманы) берген жакка кабарлабастан чыгарылса, даттанууну (сунуштаманы) берүү үчүн мөөнөт ушул Кодексте белгиленген тартипте эсептелет.

4. Бейтарап териштирүүнүн тарабынын арызынын негизинде чыгарылган доону камсыз кылуу маселелери боюнча соттун аныктамасы даттанылган учурда сот жекече даттанууну кароо үчүн зарыл болгон иштин материалдарынын талаптагыдай түрдө ырасталган көчүрмөлөрүн бейтарап соттон талап кыла алат.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-146)
