# 142-берене. Доону камсыз кылуу үчүн негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 142-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-142

---

1. Өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактын иши боюнча доогердин, сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынган тосмо доо билдирген жоопкердин арызы боюнча сот доону камсыз кылуу чараларын көрүшү мүмкүн. Эгерде мындай чараларды көрбөө соттун чечимин аткарууну кыйындатса же мүмкүн эмес кылса, доону камсыз кылууга сот доону өндүрүшкө кабыл алгандан кийин гана, ишти кароонун кайсы болбосун стадиясында жол берилет.

2. Туруктуу иштөөчү бейтарап сот тарабынан жүргүзүлүүчү бейтарап териштирүүдө тараптардын арызы боюнча доону камсыз кылуу чараларын көрүү, доону камсыз кылуунун бир түрүн башка түрү менен алмаштыруу, доону камсыз кылууну жокко чыгаруу маселелерин кароо ушул главада каралган эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-143)
