# 14-берене. Соттук териштирүүнүн тикелейлиги жана оозекилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 14-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-14

---

1. Сот ишти маңызы боюнча кароодо иш боюнча далилдерди тикелей иликтөөгө: тараптардын жана үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин корутундуларын угууга, жазуу жүзүндөгү далилдер менен таанышууга жана буюмдук далилдерди кароого, аудио жана видео жазууларды угууга жана көрүүгө милдеттүү.

2. Иш боюнча далилдерди иликтөөдө сот адистин консультацияларын жана түшүндүрмөлөрүн угат.

3. Ишти териштирүү оозеки жана соттордун өзгөрүүсүз курамында өтөт. Ишти кароо процессинде судьялардын бири алмашкан учурда териштирүү башынан жүргүзүлүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-15)
