# 139-берене. Доо арызын кыймылсыз калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 139-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-139

---

1. Доо арызы сотко ушул Кодекстин 134-беренесинде жана 135-беренесинин 1, 3, 6 жана 7-пункттарында баяндалган талаптарды сактабастан берилгендигин тастыктагандан кийин сот арызды кыймылсыз калтыруу жөнүндө аныктама чыгарат, бул жөнүндө доо арызын берген жакка кабарлайт жана ага кемчиликтерди оңдоо үчүн мөөнөт берет.

2. Эгерде доогер соттун көрсөтмөлөрүнө ылайык жана сот белгилеген мөөнөттө аныктамада саналган талаптарды аткарса, доо арызы сотко алгачкы жолу берилген күнү берилген деп эсептелет. Доогер талаптарды аткарбаган учурда арыз берилген жок деп эсептелет жана ага тиркелген бардык документтер менен кошо доогерге кайтарып берилет.

3. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-140)
