# 138-берене. Доо арызын кайтарып берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 138-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-138

---

1. Сот доо арызды кайтарып берет, эгерде:

1) доогер талашты сотко чейин чечүүнүн мыйзамда же келишимде белгиленген тартиби сакталбаса жана бул тартипти колдонуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаса;

2) иш бул сотко караштуу болбосо;

3) арыз аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;

4) арыз кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко берүүгө ыйгарым укугу болбогон адам тарабынан кол коюлса;

5) ушул же башка соттун, бейтарап соттун өндүрүшүндө ошол эле тараптардын ортосунда, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш тууралуу иш бар болсо;

6) күйөөсү аялынын макулдугусуз аялынын кош бойлуу учурунда же бала төрөгөндөн кийин бир жылдын ичинде никени бузуу жөнүндө доо койсо;

7) мамлекеттик алым төлөнбөсө;

71) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн доогер тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;

8) доо арызын өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин доогерден доо арызын кайтарып берүү жөнүндө арыз түшсө.

2. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө сот жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктамада сот, эгерде иш бул сотко караштуу болбосо, арыз ээси кайсы сотко кайрылууга тийиш экендигин же болбосо ишти козгоого тоскоолдук кылган жагдайларды кантип жоюу керектигин көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Арызды кайтарып берүү жөнүндө аныктама ал сотко келип түшкөн учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга жана арызга тиркелген бардык документтер менен кошо арыз ээсине тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Доо арызын кайтарып берүү жөнүндө аныктама жокко чыгарылган учурда бул арыз сотко биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет.

5. Доо арызын кайтарып берүү аны кайра кайтаруу үчүн негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

6. Арызды кайтарып берүү жөнүндө соттун аныктамасына карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-139)
