Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
137-берене. Доо арызын кабыл алуудан баш тартуу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Сот доо арызын кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) арыз жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде кароого же чечүүгө жатпаса;
2) ошол эле тараптардын ортосунда ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча талаш боюнча сот, бейтарап сот чыгарган, мыйзамдуу күчүнө кирген чечим же болбосо доогердин доодон баш тартышына байланыштуу иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө же тараптардын жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө соттун аныктамасы бар болсо;
3) мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо, талашты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө тараптардын ортосунда түзүлгөн макулдашуу бар болсо.
2. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө судья жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра кайтаруу менен бир эле убакта ага тапшырылууга же жөнөтүлүүгө тийиш.
3. Арызды кабыл алуудан баш тартуу арыз ээсинин ошол эле жоопкерге ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча сотко доо менен кайрадан кайрылышына жол бербейт. Арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына жекече доо (сунуштама) берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүйөлөнгөн аныктама чыгарат, аныктама сотко кайрылган учурдан тартып алынып салынды: жети кошулду: беш күндүк мөөнөттө чыгарылууга, арыз ээси берген документтерди кайра … жөнүндө соттун аныктамасына жекече доо (сунуштама) берилиши мүмкүн.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-137" title="137-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>