# 135-берене. Доо арызына тиркелүүчү документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 135-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-135

---

Доо арызына төмөнкүлөр тиркелет:

1) доо арыздын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн ишке катышуучу жактарга жөнөткөндүгү жөнүндө далилдер;

2) мамлекеттик алымды төлөгөндүгүн ырастоочу документтер;

21) талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо, төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч;

3) ишеним кат же доо арызына кол коюуга жана доо коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү башка документ;

4) доогер өз талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу документтер;

5) эгерде арызда жазылбаса, жазуу жүзүндө машинкага басылган текст түрүндөгү өтүнмөлөр;

6) доогердин паспортунун же анын керт башын ырастоочу башка документинин көчүрмөсү;

7) доонун талашылып жаткан суммасынын эсеби.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-136)
