# 134-берене. Доо арызынын формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 134-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-134

---

1. Доо арызы сотко жазуу жүзүндө, машиналык басылма текст түрүндө берилет.

2. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

1) арыз берилүүчү соттун аталышы;

2) доогердин аталышы, почта дареги, мобилдик телефонунун номери, ошондой эле банктык реквизиттери, электрондук почта дареги (эгерде булар бар болсо) жана анын жашаган жери же, эгерде доогер юридикалык жак болуп саналса, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арызды өкүл берсе, өкүлдүн аталышы, мобилдик телефонунун номери, электрондук почта дареги (эгерде булар бар болсо) жана анын дареги;

3) жоопкердин аталышы, анын почта дареги, мобилдик телефонунун номери, банктык реквизиттери жана электрондук почта дареги же анын өкүлүнүн электрондук почта дареги жана мобилдик телефонунун номери, эгер булар доогерге белгилүү болсо, анын жашаган жери же, эгерде жоопкер юридикалык жак болуп саналса, анын жайгашкан жери;

4) доогердин талабы;

5) доогер өз талаптарын негиздеп жаткан жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;

6) эгерде доо бааланууга жатса, доонун баасы;

7) арызга тиркелүүчү документтердин тизмеги.

Арызда талашты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү, ошондой эле доогердин өтүнмөсү баяндалышы мүмкүн.

3. Мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарда прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар берүүчү арызда мамлекеттик же коомдук кызыкчылык эмнеде тургандыгынын негиздемеси, кандай укук бузулгандыгы, ошондой эле мыйзамга же башка укуктук актыга шилтеме камтылууга тийиш. Жарандын кызыкчылыктарында прокурор, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар доо койгон учурда анда доону жарандын өзү кое албастыгынын негиздемеси камтылууга тийиш жана аракетке жөндөмсүз адамдын кызыкчылыктарында арыз берилген учурлардан башка учурларда сотко арыз берүүгө макулдукту ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.

4. Арызга доогер же кол коюуга жана арыз берүүгө ыйгарым укугу болгондо анын өкүлү кол коет.

5. Эгерде жаран ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелишинен, майыптуулугунан, дене бойлук кемчиликтеринен же оорусунан улам өз колу менен, же болбосо факсимилдик колтамганын жардамы менен кол коё албаса, анда анын өтүнүчү боюнча арызга башка жаран кол коюшу мүмкүн.

6. Доо арызы сотко сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырылган форманы толтуруу аркылуу да берилиши мүмкүн жана ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санариптик колтамга же идентификатор менен кол коюлат.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1335)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-135)
