# 1334-берене. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды идентификациялоо жана аутентификациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 121-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-1334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 1334-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1334

---

1. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучулардын жана ишке катышып жаткан жактардын, алардын соттук жыйналышка видеоконференцбайланыш тутуму аркылуу катышып жаткан өкүлдөрүнүн, күбөнүн, эксперттин, адистин жана котормочунун керт башын аныктоо Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервиси аркылуу жүзөгө ашырылат.

2. Бирдиктүү идентификациялоо тутумун пайдалануу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун тартиби жана жол-жобосу, санариптик идентификациялоонун натыйжаларын эсепке алуунун тартиби жана санариптик идентификациялоо фактылары жөнүндө маалыматтын бүтүндүгүн камсыз кылуунун тартиби, Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун негизинде санариптик аутентификациялоо сервисин колдонуунун тартиби Бирдиктүү идентификациялоо тутуму жөнүндө жобо менен аныкталат.

3. Сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумдарын колдонуучуларды, ошондой эле ишке катышуучу жактарды Бирдиктүү идентификациялоо тутумунун сервистерин колдонуу менен санариптик идентификациялоонун жана санариптик аутентификациялоонун өзгөчөлүктөрү санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык соттордун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу орган тарабынан аныкталышы мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1333)  
Кийинки берене: [1335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1335)
