# 1333-берене. Соттук жыйналышты протоколдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 121-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1333>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-1333.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 1333-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1333

---

1. Сот аудио жана (же) видео жазуу санариптик технологиялык тутумун колдонгон учурда сот жыйналышынын аудио жана (же) видео жазуусу протокол менен таанылат. Мында төмөнкүлөр чагылдырылган жазуу жүзүндөгү кыска протокол түзүлөт жана ишке тиркелет: сот жыйналышы өткөн жана протокол түзүлгөн датасы, орду, убактысы; соттун аталышы жана анын курамы; тараптарды көрсөтүү менен иштин аталышы; сот жыйналышынын жүрүшүндө аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын видеоконференцбайланыш тутумун жана (же) сот өндүрүшүнүн башка санариптик технологиялык тутумдарын колдонуу жөнүндө маалыматтар; ишке катышып жаткан жактар далил катары берген кошумча материалдар ишке тиркелгендиги жөнүндө маалыматтар.

Техникалык мүмкүнчүлүк бар учурда аудио жана (же) видео жазуу текстти автоматтык түрдө таануу жолу менен алынган тексттик чечмелөө менен коштолушу мүмкүн.

2. Сот жыйналышынын жүрүшүн белгилөөнү камсыздоочу аудио жана (же) видео жазуу каражаттарын колдонуу, аудио жана (же) видео жазууну сактоо жана жок кылуу тартиби жана шарттары, ошондой эле аудио жана (же) видео жазууга жеткиликтүү болуу тартиби санариптик чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык Жогорку сот тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1332)  
Кийинки берене: [1334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1334)
