# 133-берене. Жоопкерди издөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 133-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-133

---

1. Жоопкердин турган жери белгисиз болгондо мамлекеттин кызыкчылыгында коюлуучу талаптар, ошондой эле алиментти өндүрүп алуу, майып болуудан же ден соолугунун башка бузулушунан, ошондой эле баккан адамынын каза болушунан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар боюнча сот ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аркылуу жоопкерге издөө жарыялоого милдеттүү, бул жөнүндө аныктама чыгарат.

2. Жоопкерди издөө боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын арызы боюнча соттун буйругун берүү жолу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-132)  
Кийинки берене: [1331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-1331)
