# 131-берене. Талаптагыдай түрдө кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312); 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=35624..35900>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 131-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-131

---

1. Эгерде сот жыйналышынын, айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн башталышына карата сот дарек ээси жиберилген кабардаманы (чакыруу катты) алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо, ишке катышуучу адамдар жана процесстин башка катышуучулары талаптагыдай түрдө кабардар кылынды деп эсептелет.

2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары төмөнкүдөй учурларда талаптагыдай түрдө кабарланды деп эсептелет:

1) эгерде дарек ээси кабардаманы (чакыруу катты) алуудан баш тартса жана бул баш тартуу тастыкталса;

2) эгерде почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген соттун кабардамасын (чакыруу катын) алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса;

3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү соңку турган орду боюнча сот жеке жактын жашаган жери же жиберген кабардама (чакыруу кат) дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса;

4) эгерде сотто кабарламаларды СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш же электрондук почта боюнча, же болбосо сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка каражаттарын же формаларын пайдалануу менен жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар болсо.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-132)
