# 129-берене. Соттук кабарлоолордун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 129-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-129

---

1. Соттук кабарлоолордо (чакыруу катта) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) соттун аталышы жана так дареги;

2) сот жыйналышы же айрым процесстик аракет өтө турган жер жана убакыт;

3) кабарлоого жана чакырууга тиешеси болгон иштин аталышы;

4) кабардама (чакыруу кат) жөнөтүлгөн жактын аталышы, ошондой эле ал ким катары кабарландырылып (чакырылып) жаткандыгы;

5) ишке катышуучу адамдарга иш боюнча аларда болгон далилдерди берүү сунушу;

6) чакыртылып жаткан жак кандай мөөнөттө жана кандай аракетти кылууга укуктуу же милдеттүү экендиги жөнүндө көрсөтүү;

7) дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабардаманы (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтүү;

8) сотко келбей коюунун натыйжаларын жана келбей коюунун себебин сотко билдирүү милдетин көрсөтүү.

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-130)
