# 128-берене. Соттук кабарлоолор жана чакыруу каттар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090) (күчүнө кире элек); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030312); 11.04.2023 [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=57359..59858>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 128-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-128

---

1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу кабарлоону жөнөтүү жана алуу фактысын жазууга мүмкүндүк берүүчү билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жүргүзүлөт.

Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат. Мында берилген тексттин сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, кабарлоону жүзөгө ашыруу ыкмасы, аны өткөрүп берүүнүн датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт. Билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарлоолорду (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кабарлоолор жана чакыруу каттар тарап же ишке катышуучу башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет.

4. Юридикалык жак сот жыйналышынын же айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан ушул жактын органы жайгашкан жер боюнча кабардар кылынат.

5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Эгерде кабарлоо (чакыруу кат) тикелей сотто тапшырылса, мындай тапшыруу колун койдуруп алуу менен жүзөгө ашырылат.

7. Чет өлкөлүк жактар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан кабардар кылынат.

8. Соттук кабарлоолорду жана чакырууларды ырастаган документтер иштин материалдарына кошулат.

9. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.

10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.

(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-129)
