128-берене. Соттук кабарлоолор жана чакыруу каттар
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 12-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
128-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 128-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш, электрондук почта боюнча же сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка ушул сыяктуу формалары боюнча. Кабарлоонун сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө кабарлоону берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, анын берилген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат.
2. Кабарлоолор жана чакыруу каттар процесстин катышуучуларына алардын ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы болгудай эсеп менен, дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт.
3. Кабарлоолор жана чакыруу каттар тарап же ишке катышуучу башка жак көрсөткөн дарекке жеткирилет. Эгерде сотко билдирилген даректе жаран иш жүзүндө жашабаса, кабардама же чакыруу кат анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн.
4. Юридикалык жак сот жыйналышынын же айрым процесстик аракетти жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө сот тарабынан ушул жактын органы жайгашкан жер боюнча кабардар кылынат.
5. (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Эгерде кабарлоо (чакыруу кат) тикелей сотто тапшырылса, мындай тапшыруу колун койдуруп алуу менен жүзөгө ашырылат.
7. Чет өлкөлүк жактар, эгерде ушул Кодексте же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде башкача каралбаса, ушул беренеде белгиленген эрежелер боюнча сот тарабынан кабардар кылынат.
8. Соттук кабарлоолорду жана чакырууларды ырастаган документтер иштин материалдарына кошулат.
9. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
128-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.
кошулду: 10. Сот иштин материалдарын сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгаштырууга жана ишке катышуучу жактарга алар менен таанышууга жана кийин алардын жуп нускасын даярдоого мүмкүнчүлүк берүүгө укуктуу. Иштин материалдарын мындай жайгаштыруу талаптагыдай кабарлоо болуп саналат. Кабарлоону (чакыруу кагазын) алган тараптар сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун пайдалануу аркылуу иштин материалдары менен таанышууга укуктуу.
(КР 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 182 кошулду: 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 182
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-128" title="128-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>