# 124-берене. Процесстик мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн натыйжасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 124-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-124

---

1. Процесстик аракетти жүргүзүү укугу мыйзамда белгиленген же сот дайындаган мөөнөттүн аякташы менен токтойт.

2. Эгерде өткөрүп жиберилген мөөнөттү кайрадан калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө билдирилбесе, процесстик мөөнөт аяктагандан кийин берилген даттануулар жана документтер сотто каралбайт жана соттун жүйөлөнгөн аныктамасы менен аларды берген адамга кайра кайтарылат. Кайтарып берүү жөнүндө аныктамага карата жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-125)
