# 123-берене. Процесстик мөөнөттүн аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034650)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=44240..52162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 123-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-123

---

1. Жылдар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө аяктайт. Айлар менен эсептелүүчү мөөнөт анын акыркы айында жана күнүндө аяктайт. Эгерде ай менен эсептелүүчү мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туура келсе, мөөнөт ошол айдын акыркы күнүндө аяктайт.

2. Мөөнөттүн акыркы күнү дем алыш күнгө туура келген учурда бул күндөн кийинки жакынкы жумушчу күн мөөнөт аяктаган күн деп эсептелет.

3. Жүргүзүлүүсү үчүн мөөнөт белгиленген процесстик аракет мөөнөттүн акыркы күнүндө саат жыйырма төрткө чейин аткарылышы мүмкүн. Эгерде даттануу, документтер же акча суммасы байланыш органына мөөнөттүн акыркы күнүндө саатка жыйырма төрткө чейин тапшырылган болсо, мөөнөт өтүп кетти деп эсептелбейт.

4. Эгерде процесстик аракет түздөн-түз сотто же башка уюмда жүргүзүлө турган болсо, мөөнөт бул уюмдарда белгиленген эреже боюнча жумуш аяктаган же тиешелүү операциялар токтогон саатта аяктайт.

5. Ушул беренеде каралган процесстик мөөнөттөрдү эсептөө тартиби сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумун колдонуу менен сотко берилүүчү документтерге дагы жайылтылат.

(КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-124)
