# 122-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 122-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-122

---

1. Процесстик аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамда белгиленген мөөнөттө жүргүзүлөт. Процесстик мөөнөттөр мыйзамда белгиленбеген учурда аны сот дайындайт.

2. Процесстик аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр окуя боло тургандыгы милдеттүү экендиги көрсөтүлүү менен так календарлык дата катары же убакыт аралыгы түрүндө аныкталат. Акыркы түрүндө аракет бүткүл убакыт аралыгы ичинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелүүчү процесстик мөөнөттүн өтүшү календарлык датадан же анын башталышын аныктаган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-123)
