# 121-берене. Соттук айыппулду алып салуу же азайтуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 121-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-121

---

1. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсүн алган учурдан тартып он күндүн ичинде бул айыппул салынган жак айыппулду салган сотко айыппулду алып салуу жөнүндө же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө арыз менен кайрыла алат. Бул арыз сот жыйналышында он күндүн ичинде каралат. Айыппул салынган жакка сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө билдирилет, бирок анын келбей калышы арызды кароого тоскоол болбойт.

2. Соттук айыппулду алып салуудан же анын өлчөмүн азайтуудан баш тартуу жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык же кассациялык инстанцияга жекече даттануу (сунуштама) берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-122)
