# 120-берене. Соттук айыппулдарды салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 120-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-120

---

1. Соттук айыптар ушул Кодексте каралган негиздер боюнча жана өлчөмдөрдө сот тарабынан салынат.

2. Сот тарабынан мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына салынган соттук айыппулдар алардын өздүк каражаттарынан өндүрүлөт.

3. Айыппул салынган учурда сот аныктама чыгарат.

4. Соттук айыппулду салуу жөнүндө соттун аныктамасынын көчүрмөсү айыппул салынган адамга кийинки күндөн кечиктирилбестен тапшырылат же жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-121)
