# 12-берене. Сот өндүрүшү жүргүзүлүүчү тил

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 12-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-12

---

1. Жарандык иштер боюнча сот өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилде жүргүзүлөт.

2. Сот өндүрүшү жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген адамга иштин бардык материалдары менен таанышып чыгуу, түшүндүрмө, көрсөтмө жана корутунду берүү, өз эне тилинде сүйлөө жана өтүнүч билдирүү, ошондой эле ушул Кодексте белгиленген тартипте котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалануу укугу түшүндүрүлөт жана камсыз кылынат.

3. Сот актылары ишке катышуучу адамдарга сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тилде тапшырылат.

Ишке катышуучу адамдар чет тилдеги документтерди белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосун тиркөө менен берет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-13)
