# 118-берене. Ишти кароодо сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112566)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261672..1261674>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 118-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-118

---

1. Соттун ишти кароого байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден чыгарылган чечимдин натыйжаларына жараша доо талаптарынын канааттандырылган же канааттандыруудан баш тартылган бөлүктөрүнө пропорционалдуу түрдө өндүрүп алынат.

2. Доодон баш тартылганда ишти кароого байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден бюджетке өндүрүп алынат.

3. Эгерде эки тарап соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти кароого байланыштуу сот тарткан коромжулар бюджеттин каражаттарынын эсебине киргизилет.

4. Төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарга издөө жарыяланган учурда, сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.

5. Ишти кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан өндүрүлүүчү почта чыгымдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-119)
