Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
118-берене. Ишти кароодо сот тарткан соттук чыгымдардын ордун толтуруу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 9-глава
1. Соттун ишти кароого байланыштуу тарткан соттук чыгымдары жана мамлекеттик алым соттук чыгымдарды жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулбаган доогерден жана жоопкерден чыгарылган чечимдин натыйжаларына жараша доо талаптарынын канааттандырылган же канааттандыруудан баш тартылган бөлүктөрүнө пропорционалдуу түрдө өндүрүп алынат.
2. Доодон баш тартылганда ишти кароого байланыштуу сот тарткан соттук чыгымдар соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулбаган доогерден бюджетке өндүрүп алынат.
3. Эгерде эки тарап соттук чыгымдарды төлөөдөн бошотулса, ишти кароого байланыштуу сот тарткан коромжулар бюджеттин каражаттарынын эсебине киргизилет.
4. Төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү төлөөдөн качкан адамдарга издөө жарыяланган учурда, сот андан издөө жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт.
5. Ишти кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан өндүрүлүүчү почта чыгымдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүү боюнча чыгымдарды тиешелүү бюджеттин кирешесине өндүрөт. кошулду: 5. Ишти кароонун натыйжалары боюнча сот тарабынан өндүрүлүүчү почта чыгымдарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-118" title="118-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>