# 117-берене. Тараптар тарабынан соттук чыгымдардын ордун толтуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 117-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-117

---

1. Башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын коргоо арызы менен мыйзамда каралган учурларда сотко кайрылган адамдардын доосунан толук же айрым бөлүгүндө баш тартылганда ишти кароого байланыштуу жоопкер тарткан соттук чыгымдардын орду тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен толук же доогерге баш тартылган доо талаптарынын бөлүгүнө пропорциялуу түрдө толтурулат.

2. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Мүлктү камак салуудан бошотуу жөнүндө доо канааттандырылган учурда доогер тарткан соттук чыгымдардын орду бюджеттин каражаттарынан толтурулат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-118)
