# 116-берене. Доодон жана жарашуу макулдашуусун түзүүдөн баш тартылганда соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 116-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-116

---

1. Доогер доодон баш тартканда ал тарткан чыгымдардын ордун жоопкер толтурбайт. Эгерде доогер доо коюлгандан кийин анын талаптарын жоопкердин ыктыярдуу канааттандырышынан улам өз талаптарын колдобосо, сот доогердин өтүнүчү боюнча ал иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды жоопкерден алып берет.

2. Эгерде жарашуу макулдашуусун түзүүдө тараптар соттук чыгымдарды жана өкүлдүн жардамына акы төлөө боюнча чыгымдарды бөлүштүрүүнүн тартибин караса, чыгымдар алардын макулдашуусуна ылайык бөлүштүрүлөт. Эгерде мындай макулдашууга жетишилбеген болсо, соттук чыгымдарды бөлүштүрүү маселесин сот ушул Кодекстин 113-беренесинин эрежелери боюнча чечет.

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-115)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-117)
