# 113-берене. Соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 113-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-113

---

1. Пайдасына чечим чыгарылган тарапка сот иш боюнча тарткан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ал мамлекеттин кирешесине соттук чыгымдарды төлөөдөн сот тарабынан бошотулгандыгына карабастан алып берет. Эгерде доо айрым бөлүгүндө канааттандырылса, бул беренеде көрсөтүлгөн соттук чыгымдар доогерге сот канааттандырган доо талаптарынын өлчөмүнө пропорциялуу түрдө, ал эми жоопкерге - доо талаптарынын доогерге баш тартылган бөлүгүнө пропорциялуу түрдө бөлүштүрүлөт.

2. Ушул берененин 1-пунктунда баяндалган эрежелер тараптар иштин апелляциялык жана кассациялык инстанцияларда жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу тарткан соттук чыгымдарды бөлүштүрүүгө да таандык болот.

3. Эгерде жогорку инстанциядагы сот ишти жаңы кароого бербестен, чыгарылган чечимди өзгөртсө же жаңы чечим чыгарса, ал соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү тиешелүү түрдө өзгөртөт.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-114)
