# 111-берене. Эксперттерге жана адистерге төлөнүүчү суммаларды салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 111-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-111

---

1. Иш боюнча чыгымдарды төлөө үчүн зарыл болгон, ошондой эле күбөлөргө, эксперттерге, адистерге төлөнүүгө жаткан суммалар тиешелүү өтүнүчтү билдирген тарап тарабынан соттун депозиттик эсебине алдын ала салынат.

Эгерде эксперттерди дайындоо, адистерди, котормочуларды тартуу жана төлөнүүгө жатуучу башка аракеттер соттун демилгеси боюнча жүргүзүлсө же аталган өтүнүчтү эки тарап билдирсе, талап кылынган суммаларды тараптар тең бөлүктөрдө соттун депозиттик эсебине салат.

2. Бул беренеде саналган суммаларды мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган тарап төлөбөйт жана бюджеттин эсебинен алынат.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-112)
