# 110-берене. Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга төлөнүүгө жаткан суммалар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521#diff=1261668..1261669>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 110-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-110

---

1. Эксперттерге, адистерге жана котормочуларга алардын сотко келүүгө жана турак жайды жалдоого байланышкан чыгымдарынын орду толтурулат, ошондой эле суткалык төлөмдөр төлөнөт.

2. Эгерде эксперттер жана адистер аткарган жумуш мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердеги алардын кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, алар соттун тапшырмасы боюнча аткарган иштери үчүн сый акы алат. Сый акынын өлчөмү ишке катышуучу жактардын пикирин эске алуу менен, эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча сот тарабынан аныкталат.

3. Котормочулардын эмгегине акы төлөө жана сотко келишине байланыштуу тарткан чыгымдарын төлөп берүү кызыкчылыгы үчүн котормочу чакыртылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

(КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-111)
