# 107-берене. Мамлекеттик алымды кошумча төлөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 107-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-107

---

1. Доону койгон учурда анын баасын аныктоодо кыйынчылык жаралганда мамлекеттик алымдын өлчөмү ишти чечүүдө сот тарабынан биротоло аныкталат.

2. Доо талаптары көбөйгөн учурда алымдын жетишпеген суммасы доонун көбөйгөн баасына ылайык кошумча төлөнөт. Ишти кароо доогер мамлекеттик алымды төлөнгөндүгүнүн далилдерин бергенден кийин же сот мамлекеттик алымдан бошотуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө маселени чечкенден кийин улантылат.

Мамлекеттик алым сот белгилеген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда доо арызы ушул Кодекстин 222-беренесинин 9-пунктуна ылайык каралбастан калтырылат.

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-108)
