# 100-берене. Комплекстүү экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111521)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 14
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111521/edition/1261666/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111521/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, 100-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-100

---

1. Эгерде иш боюнча жагдайларды тастыктоо бир эле учурда билимдин ар кыл тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кыл илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот комплекстүү экспертизаны дайындайт. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай иликтөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өз изилдөөлөрү камтылган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коет. Эксперттердин пикир келишпестиктери болгон учурда иликтөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча таризделет.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111521/st-101)
