# 98-берене. Процесстик мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 98-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-98

---

1. Процесстик иш-аракеттер ушул Кодексте же башка мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө жасалат. Процесстик мөөнөттөр мыйзамдарда белгиленбеген учурларда, алар сот тарабынан дайындалат.

2. Процесстик иш-аракеттерди аяктоо үчүн мөөнөттөр сөзсүз боло турган окуя көрсөтүлгөн так календардык дата же мезгил менен аныкталат. Кийинки учурда иш-аракеттер бүткүл мезгил бою жасалышы мүмкүн.

3. Жылдар, айлар же күндөр менен эсептелген процесстик мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же башталышы аныкталган окуя болгон күндөн кийинки күнү башталат.

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-99)
