# 89-берене. Соттук чыгымдарды бөлүштүрүү

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-89>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-89.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 89-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-89

---

1. Эгерде соттук чечим административдик орган болуп саналбаган тараптын пайдасына кабыл алынса, сот өзү жүзөгө ашырган документтер менен ырасталган бардык соттук чыгымдарды мамлекеттик бюджеттен ыйгарат.

2. Эгерде соттук чечим - тараптын административдик органдын пайдасына кабыл алынса, сот административдик орган тарабынан жүзөгө ашырылган документтер менен ырасталган, күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу, соттук экспертизаларды жүргүзүү менен байланышкан бардык соттук чыгымдарды башка тараптан ыйгарат.

3. Эгерде административдик доо жарым-жартылай канааттандырылса, доогер тарабынан жүзөгө ашырылган соттук чыгымдар канааттандырылган талаптарга ылайык ага, ал эми жоопкерге - канааттандыруудан доогерге баш тартылган талаптардын ошол бөлүгүнө ылайык ыйгарылат.

4. Эгерде апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот административдик ишти жаңыдан кароого болгон кайтарбастан соттук чечимди өзгөртсө же болбосо жаңы чечим кабыл алса, ал тиешелүү түрдө соттук чыгымдарды бөлүштүрүүнү өзгөртөт.

---

Мурунку берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-88)  
Кийинки берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-90)
