# 87-берене. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди, котормочуларды тартуу жана соттук экспертизаны жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 87-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-87

---

1. Күбөлөргө, эксперттерге, адистерге жана котормочуларга жол кире жана турак жай жалдоо боюнча чыгымдар, алар сотко келгендигине байланыштуу тарткан чыгымдар, ошондой эле суткалык акы төлөнөт.

2. Эгерде бул иш алардын мамлекеттик же муниципалдык мекемелердеги кызматтык милдеттеринин чөйрөсүнө кирбесе, эксперттер жана адистер соттун тапшырмасы боюнча өздөрү аткарган иш үчүн, сыйакы алат, сыйакынын өлчөмү процесстин катышуучуларынын пикирин эске алуу менен жана эксперттер жана адистер менен макулдашуу боюнча аныкталат.

3. Котормочунун эмгегине акы төлөө жана анын сотко келүүсүнө байланышкан чыгымдарын төлөө котормочу анын кызыкчылыктарында чакырылган процесстин катышуучусунун же бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

4. Сотко күбө катарында чакырылган иштеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убактысына жана алардын орточо айлык акысына таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт. Сотко күбө катары чакырылган иштебеген жарандарга күбөнүн милдеттерин аткарууга иш жүзүндө коротулган убакытка жана мыйзамдарда белгиленген эмгек акынын минималдуу өлчөмүнө таянуу менен акчалай компенсация төлөнөт.

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-88)
