# 84-берене. Мамлекеттик алым

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 84-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-84

---

1. Доогерлер, жоопкерлер, үчүнчү жактар мамлекеттик алым төлөөчүлөр болуп саналат.

2. Мамлекеттик алым сотко берилүүчү төмөнкүлөрдөн алынат:

1) административдик доолордон;

2) апелляциялык даттануулардан;

3) кассациялык даттануулардан;

4) административдик иштин материалдарынын көчүрмөлөрүн берүү жөнүндө арыздардан.

3. Мамлекеттик алымдын ставкалары, аны төлөөнүн жана кайтарып берүүнүн тартиби мамлекеттик алым жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

4. Мамлекеттик алым жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда процесстин катышуучулары мамлекеттик алымды төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-85)
