# 82-берене. Комплекстүү экспертиза

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 82-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-82

---

1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле убакта билимдин ар түрдүү тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын чегинде илимдин ар түрдүү багыттарын пайдалануу менен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү талап кылса, сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече экспертке тапшырылат.

2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү, кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай тыянактарга келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы тыянакка кол коёт. Эксперттердин пикирлери келишпеген учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 77-беренесинин 3-бөлүгүнүн эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-83)
