# 81-берене. Комиссиялык экспертиза

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 81-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-81

---

1. Комиссиялык экспертиза бир нече эксперт тарабынан жүргүзүлөт. Ал олуттуу көлөмдөгү тажрыйба жана изилдөө иш-аракеттерин жүргүзүүнү талап кылган татаал эксперттик изилдөөлөрдүн өндүрүшү зарыл болгон учурда сот тарабынан дайындалат.

2. Аны жүргүзүүдө эксперттер өз ара кеңешет. Эгерде эксперттер жалпы тыянакка келсе, алар баары бир корутунду түзөт жана ага кол коет.

3. Эксперттердин ортосунда пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, алардын ар бири пикир келишпестик келип чыккан маселелер боюнча өз-өзүнчө корутунду беришет. Мында сот эксперттерден кошумча түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кыла алат же башка эксперттерди дайындай алат.

4. Эксперттердин курамына кирбеген адамдардын толук же жарым-жартылай эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүшүнө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-80)  
Кийинки берене: [82-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-82)
