# 80-берене. Кошумча жана кайра экспертизалар

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 80-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-80

---

1. Эксперттин корутундусу жетиштүү айкын же толук болбогон учурда сот кошумча экспертизаны дайындай алат, аны жүргүзүү ошол эле же башка экспертке тапшырылат.

2. Эгерде сот эксперттин корутундусуна негизсиз жүйө катары макул болбосо, ошондой эле бир нече эксперттин корутундуларынын ортосунда карама-каршылык болгон учурда кайрадан экспертиза дайындайт. Кайрадан экспертиза жүргүзүү башка экспертке же башка эксперттерге тапшырылат.

Кайра экспертиза дайындоо жөнүндө аныктамада мурдагы экспертизанын натыйжаларына макул болбогон жүйөлөр көрсөтүлүүгө тийиш.

3. Кошумча жана кайра экспертиза ушул Кодекстин 78-80-беренелеринин талаптарын сактоо менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-79)  
Кийинки берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-81)
