# 8-берене. Судьялардын көз карандысыздыгынын принциби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 8-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-8

---

1. Судьялар административдик сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда көз карандысыз болушат жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына гана баш ийишет.

2. Дайындуу административдик иш боюнча отчетту судьядан талап кылууга эч кимдин укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир эткендиги үчүн күнөлүү адамдар мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат.

3. Соттун имаратына чейин 30 метрден жакын аралыкта же сотто судьяга же сотко таасир этүү максатын көздөгөн тынч чогулуштар жана башка иш-аракеттер судьянын же соттун ишине кийлигишүү деп эсептелет жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-9)
