# 79-берене. Эксперттин корутундусу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 79-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-79

---

1. Эксперт өзүнүн корутундусун жазуу жүзүндө берет.

2. Эксперттин корутундусу жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн кеңири сыпаттамасын, алардын негизинде чыгарылган тыянактарды, сот койгон суроолорго негиздүү жоопторду камтууга тийиш. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө ага берилбеген суроолор боюнча, бирок иш үчүн мааниси бар жагдайларды аныктаса, ал бул жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.

3. Эксперттин корутундусу соттук жыйналышта иликтенет жана сот тарабынан башка далилдер менен бир катарда бааланат жана сот үчүн күн мурунтан белгиленген күчкө ээ эмес. Эксперттин корутундусуна соттун макул болбогондугу иш боюнча чечимде же аныктамада жүйөлөнүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-78)  
Кийинки берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-80)
