# 77-берене. Экспертиза жүргүзүү тартиби

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 77-берене (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-77

---

1. Экспертиза адистештирилген эксперттик мекемелердин кызматкерлери же болбосо эксперттер катары сот тарабынан дайындалган башка адистер тарабынан жүргүзүлөт.

2. Сот билимдин ар кыл тармактарынан бир нече экспертти дайындай алат. Эксперттер өз ара кеңешүүгө укуктуу.

3. Эгерде эксперттер бир тыянакка келишсе, алар бир корутундуга кол коет. Башка эксперттер менен макул болбогон эксперттер өзүнчө корутунду беришет. Эгерде бул изилдөөлөрдүн мүнөзүнө жараша зарыл болсо же болбосо изилдөө үчүн материалдарды сотко алып келүү мүмкүн болбосо же татаал болсо, экспертиза сотто же соттон тышкары жерде жүргүзүлөт.

4. Экспертиза эксперттик мекемеде жүргүзүлгөн учурда экспертиза үчүн жоопкерчиликти конкреттүү эксперт же бул мекеменин жетекчиси тарабынан эксперттик изилдөөнү жүргүзүү тапшырылган эксперттер тартышат.

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-78)
