# 76-берене. Экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 76-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-76

---

1. Экспертизаны дайындоо жөнүндө сот аныктама кабыл алат.

2. Сот экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктамада соттун аталышын, экспертиза дайындоонун убактысын, ордун, ырастоо же төгүнгө чыгаруу үчүн экспертиза дайындалып жаткан фактыларды, экспертизанын аталышын, эксперттин алдына коюлган маселелерди, эксперттин фамилиясын, аты-жөнүн же болбосо экспертизаны жүргүзүү тапшырылган эксперттик мекеменин аталышын, экспертке жөнөтүлүүчү материалдарды, экспертиза өткөрүлүүгө тийиш болгон мөөнөттү көрсөтөт.

3. Аныктамада ошондой эле корутунду берүүдөн баш тартканы үчүн, ошондой эле билип туруп жалган корутунду бергени үчүн экспертке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилиги тууралуу судья же болбосо экспертизаны бул мекеменин кызматкери өткөрүп жаткан учурда, анын жетекчиси тарабынан эскертилет.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-77)
