# 75-берене. Экспертизаны дайындоо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-75>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-75.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 75-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-75

---

1. Ишти кароодо пайда болгон атайын билимди талап кылуучу суроолорду түшүндүрүү үчүн сот тараптардын өтүнмөсү боюнча же өз демилгеси боюнча экспертиза дайындайт. Зарыл болгон учурда бир нече эксперт дайындалышы мүмкүн.

2. Эксперт катары корутунду берүү үчүн зарыл билимдерге ээ болгон, иштин жыйынтыгына кызыкдар эмес кандай болбосун адам тартылышы мүмкүн. Ишке катышкан жактар соттон эксперт катары компетенттүү конкреттүү адамды дайындоону өтүнүүгө укуктуу.

3. Ишке катышкан ар бир жак сотко суроолорду берүүгө укуктуу, аларды эксперт түшүндүрүүгө тийиш. Эксперт корутунду берүүсү тийиш болгон маселелердин биротоло чөйрөсү сот тарабынан аныкталат. Сунуш кылынган суроолордун четке кагылышын сот жүйөлөштүрүүгө милдеттүү.

4. Тарап экспертизадан өтүүдөн качкан учурда (экспертизага келбей коюу, эксперттерге изилдөө үчүн зарыл болгон предметтерди бербей коюу жана д.у.с.) иштин жагдайы боюнча ушул тараптын катышуусусуз экспертизаны жүргүзүүгө мүмкүн болбосо, сот кайсы тарап экспертизадан качып жаткандыгына, ошондой эле ал үчүн кандай мааниге ээ экендигине жараша аныктоо үчүн экспертиза дайындалган фактыны белгиленди же төгүнгө чыгарылды деп таанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-74)  
Кийинки берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-76)
