# 74-берене. Сотко далилдерди берүү милдети

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 74-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-74

---

1. Сот талап кылган далилдерди өзүндө кармап турган жана аны соттун талабы боюнча бербеген тарапка карата анда камтылган маалыматтар бул тараптын кызыкчылыктарына каршы багытталган жана ал тарабынан таанылат деп болжонот.

2. Эгерде сот далилдерди талап кылган жактын аны дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, ал бул жөнүндө далилдерди талап кылуу жөнүндө аныктаманын жана (же) суроо-талаптын көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш күндүн ичинде сотко кабарлоого жана талап кылынган далилдин берилиши мүмкүн болбогон себептерди көрсөтүүгө милдеттүү.

3. Далилдерди дегеле берүү же сот белгилеген мөөнөттө берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сотко кабарлабаган учурда же сот жүйөсүз деп тапкан себептер боюнча сот талап кылган далилдерди берүү милдетин аткарбаган учурда, далил талап кылынган жакка сот тарабынан ушул Кодекстин 96-беренесинде белгиленген тартипте жана өлчөмдө соттук айып салынат.

4. Соттук айыпты салуу талап кылынган далил турган жакты далилди сотко берүү милдетинен бошотпойт.

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-75)
