# 72-берене. Аудио жана видео жазуу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-72>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-72.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 72-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-72

---

1. Электрондук же башка булакта аудио же видео жазууну берген же болбосо аларды талап кылуу жөнүндө өтүнмө жасаган жак жазуу качан, ким тарабынан жана кандай шарттарда жүзөгө ашырылганын көрсөтүүгө милдеттүү.

2. Аудио же видео жазууну талап кылуу жөнүндө өтүнмө кылган жак аларды өз алдынча алууга тоскоолдук кылган себептерди, ошондой эле аудио же видео жазуулар тиешелүү адамда же уюмда деп эсептеген негиздерин көрсөтүүгө тийиш.

3. Сот тарабынан жарандардан же юридикалык жактардан талап кылынган аудио же видео жазуулар түздөн-түз сотко берилет.

4. Сот аудио же видео жазууну талап кылуу тууралуу өтүнмө кылган жакка жазууларды кийин сотко алып келүү үчүн аны алууга укук берген суроо-талапты бере алат.

5. Мындай жазууга мыйзам тарабынан жол берилген учурларды кошпогондо, жашыруун жолдор менен алынган аудио же видео жазуу, далил катары пайдаланылышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-71)  
Кийинки берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-73)
