# 71-берене. Буюм далилдерин кайра кайтаруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 71-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-71

---

1. Буюм далилдери соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин, алар алынган жактарга кайрылып берилет же сот бул буюмдарга укугун тааныган жактарга өткөрүлүп берилет же сот тарабынан аныктаган тартипте сатылып өткөрүлөт.

2. Мыйзам боюнча жарандардан ээлигинде турушу мүмкүн болбогон буюмдар тиешелүү уюмдарга өткөрүлүп берилет.

3. Айрым учурларда буюм далилдери сот тарабынан карап чыккандан жана иликтенгенден кийин, эгерде алар алынган жактар аны кайрып берүүгө өтүнмө беришсе жана эгерде мындай өтүнмөнү ишти кароо үчүн зыян келтирбестен канааттандырууга мүмкүн болсо, иш аяктаганга чейин аларга кайтарып берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-72)
