# 70-берене. Жазуу жүзүндөгү далилдерди кайра кайтаруу

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 70-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-70

---

1. Иште болгон жазуу жүзүндөгү далилдер бул далилдерди берген жактардын өтүнмөсү боюнча соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аларга кайра кайтарылышы мүмкүн. Мында жазуу жүзүндөгү далилдин судья күбөлөндүргөн көчүрмөсү иште калтырылат.

2. Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жазуу жүзүндөгү далилдер, эгерде сот аларды кайра кайтаруу талаш-тартыштарды туура чечүүгө зыян келтирбейт деген тыянакка келсе, берген жактарга кайра кайтарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-69)  
Кийинки берене: [71-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-71)
