# 68-берене. Буюм далилдерин сактоо

- Документ: [Административдик-процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111520)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 25-январындагы № 13 "Административдик-процесстик кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 13
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111520/edition/1265025/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111520/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Административдик-процесстик кодекси, 68-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-68

---

1. Буюм далилдери иште сакталат же өзгөчө тизмелөө боюнча соттун буюм далилдерин сактоочу камерасына тапшырылат.

2. Сотко берүүгө мүмкүн болбогон буюмдар турган жеринде сакталат. Алар кеңири сыпатталып жазылууга, ал эми зарыл болгон учурда сүрөткө тартылып жана мөөр басып бекитилүүгө тийиш.

3. Сот жана сактоочу буюмдарды өзгөрбөгөн абалда сактоо үчүн чараларды көрөт. Сактоочу буюмдардын сакталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Буюм далилдерин сактоо боюнча чыгымдар ушул Кодекстин 89-91-беренелерине ылайык тараптардын ортосунда бөлүштүрүлөт.

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111520/st-69)
